КМУда доцент Светлана Артыкова атындагы физика боюнча методикалык кабинет ачылды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына жана физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент И.Арабаев атындагы КМУнун эмгек сиңирген ишмери Светлана Артыкованын 85 жылдыгына арналган «Цифровизация шартында физика-математикалык жана табигый илимий билим берүүнүн көйгөйлөрү жана перспективалары» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Светлана Артыкова атындагы физика боюнча методикалык кабинет ачылды.