Blog Image

КМУда эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына жана КМУнун эмгек сиңирген ишмери, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Светлана Артыкованын 85 жылдыгына арналган «Цифровизация шартында физика-математикалык жана табигый илимий билим берүүнүн көйгөйлөрү жана перспективалары» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Иш-чарага КМУ Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Эл аралык коммуникация жана инвестиция боюнча проректору Гүльназ Жалилова, коомдук ишмерлер, КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун 80 жылдыгын, ФМФнин тарыхын жана доцент Светлана Артыкованын 85 жылдыгын чагылдырган видео тасма көрсөтүлдү.