КМУда “Мектептик билим берүүнүн трансформацияланышы жана КРда 12 жылдык орто жалпы билим берүү системасына өтүү шартында жогорку педагогикалык билим берүүнү реформалоо” аталышында тегерек стол өттү
Бүгүн, 19-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мектептик билим берүүнүн трансформацияланышы жана Кыргыз Республикасында 12 жылдык орто жалпы билим берүү системасына өтүү шартында жогорку педагогикалык билим берүүнү реформалоо” аталышында тегерек стол өттү.
Иш-чарага КРнын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева, ошондой эле, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана билим берүү тармагындагы эксперттер катышты.
Тегерек столдун негизги максаты – 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында мугалимдерди даярдоо сапатын жакшыртуунун жол картасын иштеп чыгуу жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын реформалоо боюнча пикир алмашуу.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева “Мамлекеттик жалпы билим берүү стандартынын реформасы”, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова “Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү концепциясы. Реформанын келечеги. Мектептик билим берүүнү трансформациялоо”, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов “Заманбап мугалимдин үлгүсү” аталышында доклад жасашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр, педагогикалык ЖОЖдордун ролу жана мугалимдердин жаңы профессионалдык стандарттары талкууланып, ар кайсы иш топтордун сунуштары угулду. Тегерек столдун жыйынтыгында сунуштардын негизинде жол картасынын долбоору даярдалды.
Белгилей кетсек, бул реформа Кыргызстандын билим берүү системасын заманбап талаптарга жооп берген деңгээлге чыгаруу максатын көздөйт.