Blog Image

КМУга Х. Досмухамедов атындагы Атырау университетинин өкүлдөрү келди

Бүгүн, 24-апрель күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Х. Досмухамедов атындагы Атырау университетинин Көп тилдүү билим берүү факультетинин деканы, профессор Меруерт Амангазиева, Орус филологиясы кафедрасынын башчысы Узим Жумагалиева келди.

Жолугушууга КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева, Орус тили жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы Гүлмира Тагаева катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары, илимий-изилдөө иштерин биргеликте жүргүзүү, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.