КМУнун студенти А.Апсатарова Республикалык олимпиадада I орунду ээледи
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунун студенти Айназик Апсатарова финансы коопсуздугу боюнча студенттер арасында өткөн IV Республикалык олимпиадада I орунду ээледи.
Олимпиада Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан уюштурулуп, өлкөнүн жогорку окуу жайларынан мыкты студенттер катышты.