КМУнун студенттерине Россия илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун башкы илимий кызматкери, профессор Улунян Арутюн онлайн конок-лекция өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттери үчүн эл аралык академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Россия илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун башкы илимий кызматкери, тарых илимдеринин доктору, профессор Улунян Арутюн “Эл аралык аралык мамилелер: тарыхы жана практикасы” аталышында онлайн конок-лекция өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Улунян Арутюн эл аралык мамилелердин тарыхый өнүгүүсү, теориялык негиздери жана заманбап практикасы тууралуу кеңиримаалымат берди.
Ошондой эле, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова Россиянын илимдер академиясынын Жалпы тарых институтунун федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемеси менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, окутуучулар арасында эл аралык академиялык мобилдүүлүктү онлайн жана офлайн форматта өткөрүүнү улантуу боюнча макулдашты.