Blog Image

5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү 

Гуманитардык билимдер факультетинин Экономика жана башкаруу кафедрасынын  Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытынын студенттери Гуманитардык колледждин студенттерине "5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү" аттуу темада тегерек стол уюштурду. 
Анда студенттер Конституциянын тарых-таржымалы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер кандай болушу керек деген темаларда презентация өткөрүштү. 
Тегерек столдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тууралуу  маалымат алып, аталган темада викторинага активдүү катышты. Жыйынтыгында кызыктыруучу белектер менен сыйланышты. Соңунда Экономика жана башкаруу кафедрасынын башчысы Мээрим Мусуралиева студенттерге кесипке багыт берүү иштерин жүргүздү.