Blog Image

Алма-Ата шаарында И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата эл аралык илимий конференция өткөрүлдү

2022-11-30

29-ноябрда Алма-Ата шаарында Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунда И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата эл аралык илимий конференция өткөрүлдү.

Аталган илимий иш чарага кыргыз-казак окумуштуулары, илимпоздору катышышты.

И.Арабаев атындагы КМУнун атынан “Арабаев таануу” илим изилдөө институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев, педагогика илимдеринин кандидаты Миргүл Эсенгулова жана тарых илимдеринин кандидаты Салтанат Асековалар катышып, И.Арабаевдин басып өткөн жолу, ишмердүүлүгү тууралуу баяндамаларды жасашты.

Боордош казак туугандарыбызга терең ыраазычылык!