Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Жапарова Бишкектеги №85 Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде өткөн семинарга катышты
И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Жапарова “Ден соолугунун функционалдык бузулуулары бар балдардын ата-энелери менен иштөөдөгү кесиптик мамилелер” аталышындагы шаардык семинарга катышты. Семинар №85 Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде кептик бузулуу жана кебинде бузулуулары бар балдар үчүн уюштурулган. Ага Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Педагогикалык-медициналык-психологиялык кеңешменин төрайымы Зоя Кононенко жана атайын бала бакчалардын директорлору, адистери катышты. Семинардын жүрүшүндө КМУнун атайын билим берүү уюмдары менен байланышы, атайын педагогика багытындагы адистерди даярдоо маселелери талкууланды.