Blog Image

«Азиянын жүрөгүнөн келген каттар жана фотосүрөттөр» китебинин бет ачары

2022-12-09

Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дорогинин жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жаштар иштери жана спорт министринин орун басары Т.Р. Колдошевдин катышуусунда, И.Арабаев атындагы КМУнун өкүлдөрү, «Кыргызстан тарыхы жана этнология» кафедрасынын профессору С.К.Алымкулова, Эл аралык бөлүмдүн кызматкерлери А.Бөрүбаева, А.Одокөзова ж.б. венгр окумуштуулары доктор Шанта Иштван менен доктор Шомфаи Кара Давиддин “Азиянын жүрөгүнөн келген каттар жана фотосүрөттөр” аттуу китебинин бет ачарында катышты. 

Презентацияны китептин авторлору Шанта Иштван жана Шомфаи Кара Давид, Алыкул Осмоновдун үй-музейинин директору, китептин редактору Памирбек Казыбаев, КР Өкмөтүнүн экс-вице-премьер-министри Мира Жангарачева, проф. Кадыралы Конкобаев ж.б. жасашты. Венгр окумуштууларынын китебинин бет ачарын башкы редактор Аида Памирбек Шомфаи өткөрдү.

Китепте венгр саякатчысы жана изилдөөчүсү Дьёрдь Алмашинин 1906-жылдагы Борбордук Азиядагы экинчи экспедициясына байланыштуу каттарынан чогултулган уникалдуу тарыхый-этнографиялык материалдар, ошондой эле анын саякат учурунда тарткан сүрөттөрү камтылган.

Венгриялык көрүнүктүү саякатчы, чыгыш таануучу жана этнограф Дьёрдь Алмаши Кыргызстанга 1900 жана 1906-жылдары эки жолу экспедиция жасаган. Алмашинин ХХ кылымдын башындагы кыргыздардын турмуш-тиричилигин ачып берген сүрөттөрү, Орто Азияга жасаган сапарлары тууралуу жазган каттары бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат. Ошондой эле, Дьёрдь Алмаши кыргыз котормочу бала Турган Бердике уулу менен биргеликте кыргыз тилинен которуп, Европага «Манас» эпосунун 72 саптык фрагментин алып кеткен.

Китептин авторлору, социалдык антрополог жана түрколог доктор Шанта Иштван жана түрколог жана филолог доктор Шомфаи Кара Давид китептин үстүндө иштеп жатып, «Алмашинин изи менен» аймакка бир нече изилдөө сапарларын жасашкан жана бул саякаттардын жазуулары жана талаа изилдөөлөрү китептин бир бөлүгү болуп калды. Китептин венгр тилиндеги басылышы 2021-жылы Венгриянын Лакителек шаарында жарык көргөн жана бир жылдан кийин – Дьёрдь Алмашинин туулган күнүнүн 155 жылдыгында кыргыз жана орус тилдеринде биринчи жолу басылып чыкты.