Blog Image

Биология жана химия факультетинин бүтүрүүчүлөрү квалификациялык иштерин аткарууда

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын Бб-13-19 тайпасынын студенттери Медетбекова Айжамал жана Бердикул кызы Аймира квалификациялык иштерин аткаруу алкагында Бишкек шаарындагы №42 жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучуларын “Бишкек-Гулназ” жеке күнөсканага экскурсияга алып барышты. Анда доц.м.а., п.и.к. Майрамкүл Кырбашова менен күнөскананын ээси Гулназ Топчубаева окуучуларга бөлмө өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн шарттары, түрлөрү, аларды көбөйтүү жана кыйыштыруу тууралуу кызыктуу маалыматтарды берип, окуучулардын кызыгуусун жаратты.