Blog Image

Биздин студенттер Ош облусунда өткөн "ЖОЖдордогу студенттик акыйкатчы уюмдарынын орду" аталышындагы конференцияга катышып келишти

Ош облусунда Ош мамлекеттик университетинин студенттик акыйкатчынын 15 жылдык мааракесине карата "ЖОЖдордогу студенттик акыйкатчы уюмдарынын орду" аталышында конференция өттү. Ага И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен барган атайын делегация катышып келди.
Конференцияда эки университеттин студенттик акыйкатчы аппараттарынын ортосунда  кызматташуу  келишими түзүлүп, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Ош мамлекеттик университетинин ректорунун  ыраазычылык баракчасы берилди.
Иш-чаранын жүрушүндө  жогорку окуу жайлардан келген командалар үчүн  брэйн-ринг, дебат-дискуссия сынактары уюштурулду. Анда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттеринен куралган "Эрудит"  командасы артыкчылык  дипломго  ээ болду. Аны менен катар биздин студенттер  ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын ишмердүүлүгү менен тажрыйба алмашышты.