Blog Image

Эл аралык эне тил күнүнө арналган “Эне тил илимий изилдөөнүн темасы” аттуу илимий конференция

Бүгүн, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана КР Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Эл аралык эне тил күнүнө арналган “Эне тил - илимий изилдөөлөрдүн темасында” аттуу илимий конференция өттү.

Аталган конференцияга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, КР Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев, Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев жана башка окумуштуулар катышты.

Конференциянын алкагында Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин өнүктүрүү маселелери каралды.

Улуттук тилдерди сактап калуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгиленип, тил көп улуттуу коом үчүн чоң мааниге ээ экендиги айтылды.

Окумуштуулар эне тилдерди сактоого жана өнүктүрүүгө ар тараптан салым кошуу керек экендигин баса белгилешти.