Blog Image

“Эшеналы Арабаев жана алгачкы агартуучулар” аттуу фотодокументалдык көргөзмө

2022-11-04

Бүгүн, 4-ноябрда  М.В.Фрунзенин үй музейинде И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети менен биргеликте уюштурулган Ишеналы Арабаевдин 140-жылдыгына арналган “Эшеналы Арабаев жана алгачкы агартуучулар” аттуу фотодокументалдык көргөзмөнүн ачылышы болуп өттү. Көргөзмөдө И.Арабаевдин тарыхый архивдик фото сүрөттөрү, документтери, китептери, агартуучунун өмүрү жана ишмердиги тууралуу чыгарылган китептер, макалалар, гезиттер коюлду.

Көргөзмөгө Борбордук мамлекеттик архив кызматынан, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен, Улуттук китеп палатасынан атайын чакырылган өкүлдөр, И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы Назира Курбанова, тарыхчы Ж.Байдилдеев, окутуучулар жана студенттер катышышты. Көргөзмөнү уюштуруу жана өткөрүү иштерин факультеттин деканынын орун басары Темирбек уулу Идеат жана усулдук кабинеттин башчысы К.Тентимишова жигердүү алып барышты.

Студенттерден Самыйбек кызы Айжаркын жана Алмазбек кызы Ширин И.Арабаевдин өмүрү жана педагогикалык ишмердиги тууралуу илимий баяндамаларды окушту. Ошондой эле факультеттин чыгармачыл студенттери концерттик программасын тартуулашты.

Көргөзмөгө Борбордук мамлекеттик архив кызматынан, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен, Улуттук китеп палатасынан, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен атайын чакырылган өкүлдөр катышышты. Көргөзмөнүн аягында И.Арабаев тууралуу документалдуу фильм көрсөтүлдү.