Blog Image

Гуманитардык билимдер факультетинин студенттери кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыкташты

13-апрель күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык билимдер факультетинин Орус тили жана адабияты кафедрасынын студенттеринин кесиптик-профилдик практикасынын жана Салык жана салык салуу кафедрасы, Психология кафедраларынын предквалификациялык жыйынтыктоочу конференциясы өттү.  Студенттер өткөрүлгөн практикалары боюнча отчетторун презентациялашты. Аны менен катар теориялык билимин практика жузүндө кантип колдонгондугу тууралуу маалымат берип, окутуучулардын методикалык кеңештерин алышты. Конференциянын соңунда Бишкектеги №40 орто мектебинин методисти Кира Киличева кесиптик-практика өтөгөн студенттердин ишмердүүлүгүн баалап, окуу жайдын окутуучуларына ыраазычылыгын билдирди.