Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ "Anglia Examinations" билим берүү мекемеси менен кызматташат

Бүгүн, 19-июлда, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева “Anglia Examinations” билим берүү мекемесинин жетекчиси Тилек Үркүнчиевди жана эл аралык байланыштар жана программалар боюнча эксперт Мартин Клотсту кабыл алды.

Бул жолугушууда колледждин студенттерин «бизнес», «туризм» жана «маалыматтык технологиялар» адистиктери боюнча эки дипломдук билимге даярдоо маселелери талкууланды.

Жолугушууга университеттин окуу иштери боюнча проректору Курманбек уулу Талантбек, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рай кызы Рахат, Эл аралык билим берүү программалар институтунун (ЭББПИ) директору Субанбекова Мээрим, гуманитардык-педагогикалык колледжинин директору Төлөев Максат катышышты.