Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ жана Туркия Республикасынын Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) менен кызматташуусу уланат

Бүгүн, 12-июль күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Туркиянын Кыргызстандагы ТИКА офисинин координатору Осман Устаны кабыл алды. Жолугушууда университеттин окуу иштери боюнча проректору Курманбек уулу Талантбек жана Теология бөлүмүнүн башчысы PhD доктор Нурбек Шамралиев катышышты.

Бул жолугушууда университеттин ректору өз сөзүндө Кыргызстан менен Туркия ортосунда жылуу жана бир туугандык маанай өкүм сүргөнүн, эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу кызматташуулар болуп жатканын айтып өттү. Ошону менен бирге, И.Арабаев атындагы КМУ жана ТИКА уюмунун ортосунда мурда ишке ашырылган долбоорлорго кошумча жаңы проекттердин үстүндө иш алып барууга ачык жана кызыкдар экендиги тууралуу баса белгиленди.

Буга чейин Теология колледжине ТИКА уюму тарабынан заманбап окуу усулдук аудиториясын куруп бергендигине чоң ыраазычылык билдирип, университет менен ТИКА, билим берүү, маданият жана социалдык тармактарда кызматташтыкты дагы да бекемдөө боюнча бир пикирге келишти. Мындай кызматташуулар Кыргызстан жана Туркия элдери ортосунда достук жана ынтымакты бекемдей тургандыгын эки тарап тең баса белгилеп кетишти.