Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУда абитуриенттерди кабыл алуунун 1-күнү башталды

Бүгүн, 17-июлда, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде абитуриенттерди кабыл алуунун 1-күнү башталды.

Быйыл КМУда 348 мамлекеттик бюджеттик орун берилип, 7 педагогикалык багыт жана 17 профилдик (бакалавр, магистратура, орто кесиптик билим берүү) боюнча билим берүү программалары сунушталат.

И.Арабаев атындагы КМУда билим берүү иштери орто кесиптик, жогорку, кошумча жана жогорку кесиптик билим берүү багытында жүргүзүлөт. Ал докторантуранын 6 багыты, жогорку кесиптик билим берүүнүн 71 багыты, орто кесиптик билим берүүнүн 23 багыты, кошумча кесиптик билим берүүнүн 28 багыты.

Болочок студенттер университеттин курамына кирген 9 институтта жана 4 факультетте педагогика, тарыхый-укуктук, экономикалык, социалдык-гуманитардык, илимий-изилдөө, IT жана башка көптөгөн адистиктер боюнча карьерасын түзө алышат.