И. Арабаев атындагы КМУда Билим күнү өтүүдө
Бүгүн, 1-сентябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Билим күнү өтүүдө. КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамын жана студенттерди 1-сентябрь – Билим күнү менен куттуктады.
Билим күнү белгилөө салтанаты Ишеналы Арабаевдин айкелине гүл коюу аземи менен башталып, андан соң студенттерге университеттин түзүлүшү жана негизги маалыматтары боюнча маалымат берилди.