Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда физика-математика факультетинин 1983-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнүн тарыхый жолугушуусу болуп өттү

Бүгүн, 17-июлда, В.В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Физика-математика факультетинин 30дан ашык бүтүрүүчүсүн И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева жылуу жана ачык маанайда кабыл алды.

40 жыл мурдагы бүтүрүүчүлөрдүн арасында атактуу мугалимдер, эл агартуунун отличниктери, мектеп директорлору, завучтар бар, алар азыр да республикабыздын бардык булуң-бурчтарында үзүрлүү эмгектенишет.

Философия илимдеринин доктору Кытайбек Үтүров, физика-математика илимдеринин кандидаты Светлана Артыкова ошол жылдары куратор болуп, учурда И.Арабаев атындагы КМУда кызмат өтөп, эмгектенишет. Бүтүрүүчүлөр үчүн кураторлор менен жолугушуу жагымдуу окуя болду.

Бул тарыхый жолугушуунун уюштуруучусу, аталган окуу жайдын окутуучусу Гүлмира Алтымышова болду.