Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда КР Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензияга чейинки текшерүү комиссиясы ишин жүргүзөт

26-29-июль күндөрү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн билим берүү тармагындагы 5 квалификациялуу адистен турган Лицензияга чейинки текшерүү комиссиясы иштейт. Алардын милдети – бул кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн арыз берүүчүнүн белгиленген лицензиялык талаптарга ылайык келишин текшерүү болуп саналат.