Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети УТРК менен кызматташат

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору менен жолугушту. Анда журналистика багытындагы кадрларды даярдоо алкагында сөз жүрүп, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча пикир алышуу болду.

Ректор Айгүл Абдраева журналистиканын коомдогу ордун баса белгилеп, аны эске алуу менен университетте Медиа борбор түзүлуп, иштеп жатканын айтты. Ага кошо эле студенттер уюткулуу УТРКдан толук кандуу практикаларын өтөп, натыйжалуу тажрыйба топтоп, келечекте кесипкөй адис болуп чыгарына ишенерин билдирди.

Ал эми УТРКнын башкы директору Болот Тиллебаев корпорация кадрларга дайым муктаж экендигин айтып, жаштар программаларын көбөйтүү багытында телерадио программалар арбын даярдалышы керектигин баса белгиледи.

Жолугушууда тараптар кызматташуунун негизги багыттарын жана формаларын аныктап, өнөктөштүк мамилелерди түзүү, биргелешкен билим берүү, илимий, маалыматтык жана башка долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн негиз болгон кызматташтык келишимине кол коюшту.