Blog Image

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов лекция өттү

Иш-чараны окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева сөз сүйлөп ачып берди. Гапыр Мадаминов окутуунун эффективдүү ыкмалары, баланы мектепте ийгиликке шыктандыруу жолдору, балдарга кандай заманбап көндүмдөрдү үйрөтүү керектиги тууралуу ой пикирлери менен бөлүштү. Ал, “ата-эне китеп окубаса, бала да китеп окубайт” деп баса белгилейт. Андыктан келечектеги мугалимдер окуучулары менен гана эмес ата-энелер менен да тыгыз байланыш түзүүсү зарыл.

Бул кызыктуу жолугушууда катышуучулар ар түрдүү суроолорун берип, кеп кеңештерин алышты. Жыйынтыгында, Окумуштуулар кеңеши тарабынан Кыргыз мамлекеттик университетинин өнүгүү стратегиясы үчүн эмгеги жаратмандык мааниге ээ болгон Гапыр Мадаминовдун эмгеги жогору бааланып, ага «Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.