Blog Image

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Билим күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 1-сентябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Билим күнү салтанаттуу белгиленди. Университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамын жана студенттерди 1-сентябрь – Эл аралык Билим күнү менен куттуктады. Өз сөзүндө Айгүл Төлөковна уюткулуу жогорку окуу жайдын босогосун аттап жаткан 1-курстун студенттерине акыл-насаат сөздөрүн айтып, окууда ийгиликтерге жетишип, университеттин алдыңкылары болуусуна тилектештигин билдирип кетти.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын төрайымы, физика-математика илимдеринин кандидаты Роза Айтматова жогорку окуу жайына тапшырып, билимге умтулган жаштарга талыкпай окуу, изденүүлөрдүн артында гана мыкты адис болуп чыга тургандарын белгиледи.

Ошондой эле, Билим күнү менен  жаш түзүм болгон Дене тарбия факультетинин деканы Каныбек Сарымсаков, улуу муундун атынан физика- математика илимдеринин кандидаты, доцент Алымбек Кутановдор дагы профессордук-окутуучулар курамын жана студенттерди куттуктоо менен окууда мыкты көрсөткүчтөрдү жана жетишкендиктерди багындыруусуна ишеничтерин билдиришти.

Бул салтанаттуу билим мааракесинин жаңы жана өзгөчө кызыктуу көрүнүшү – университетте билим алып жаткан жогорку курстардын алдыңкы студенттери мотивация берип, өздөрүнүн кесип тандоодо туура багыт алып, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнунун 1-курсунун студенттерине ийгиликтерди каалап кетишти.

Салтанаттуу, жарык маанайда өткөн Билим күнү – окууда, илимде даңгыр жолдун башаты болот деп ишенебиз!