Blog Image

“Өкмөттүк акселераторлор” программасы: 32 тренер окутулууда

18-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер кабинетинин жеке көзөмөлү менен Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунда старт алган “Өкмөттүк акселераторлор” пилоттук долбоорго тренер боло турган 32 билим берүү кызматкери окуудан өттү.

Алардын арасында И.Арабаев атындагы КМУнун Мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун кызматкерлери жана Жеке менчик балдар бакчасы ассоциациясынын өкүлдөрү бар.

Тренерлерди даярдоо боюнча окуу модулу билим берүү (8 саат), саламаттык сактоо (4 саат), коопсуздук чараларын сактоо (4 саат) жана ишкердикти уюштуруу (2 саат) темаларын камтыйт. 8 сааттык Билим берүү министрлигинин модулдарын  университеттин Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраева  презентациялады.

Окуудан өткөн 32 тренер 100 күн ичинде Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондорунда ишкер айымдарды окутушат.

Долбоор кыска аралыкта мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчу  жеке ишкерлерди окутууга  багытталган. Алар  “Жеке ишкер” катары Мамлекеттик салык кызматынан каттоодон өтүп, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын  көрсөтө алышат. Ишкерликке кызыккан адамдар кыска аралыкта акысыз башталгыч окуудан өтүп, тиешелүү министрликтердин талаптарын аткарып, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын  көрсөтүү боюнча жеке ишкер катары шарттарды түзө алышат.