Blog Image

КМУда "Поэзия – жан дүйнөнүн музыкасы" аталышында акын, драматург Э.Токтомушева менен адабий-музыкалык жолугушуу кечеси өттү

12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун жана Илимий китепкананын алдында уюшулган "Жаш калемгерлер" адабий ийриминин мүчөлөрү тарабынан даярдалган "Поэзия – жан дүйнөнүн музыкасы" аталышында акын, драматург Элмира Токтомушева менен адабий-музыкалык жолугушуу кечеси өттү. Кечеге драматург Бактыбек Максутов, акындар Максуда Ормонова, Миргүл Наралиева, Назгүл Курманалиевалар катышып сөз сүйлөштү.

Кечеге Педагогика жана психология институтунун окутуучулары жана студенттер катышты. Адабий кечеде Ч.Айтматовго жана А.Осмоновго арналган ырлар окулду.

Кеченин башкы коногу акын, драматург Элмира Токтомушева өзүнүн калемине таандык ырларын окуп, студенттер кызыккан суроолорго жооп берди. Кечеде жаш калемгерлер Элмира Токтомушеванын ырларын жана акынга арнап жазган ырларын көркөм окушту. Ошону менен бирге, студенттер “Манас” эпосунан үзүндү айтып, кеченин көркүн чыгарды.

Адабий-музыкалык жолугушуу кечеси Педагогика жана психология институту тарабынан уюштурулду