Blog Image

КМУдагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү багытындагы ишмердик

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди жөнгө салуу максатында бардык курамдарда график боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Жайна Садыкбек кызы 2024-жылдын 15-16-апрель күндөрү Мамлекеттик тил жана маданият институту, Э.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту, М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту жана Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда мамлекеттик тилде жарыяланган илимий эмгектер, окуу китептери, иш кагаздарынын, көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүш абалы менен таанышты. Айрым кафедраларга сунуштар айтылды.