Blog Image

КМУнун аспирантура, PhD жана докторантура бөлүмү отчет кабыл алууга кафедралардын жыйындарына катыша баштады

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде аспирантура, PhD жана докторантура бөлүмү аспиранттардын жыл ичинде жасаган иштери тууралуу отчетторду кабыл алууга кафедралардын жыйындарына катыша баштады. Фундаменталдык жана колдонмо лингвистика кафедрасынын 2023-2024 окуу жылына карата аспиранттардын отчетун кабыл алышты. Кафедра жыйынында аспиранттардын жеке иш пландарынын аткарылышы тууралуу талкуулап, кафедрага тиешелүү аспиранттар аттестациядан өтүштү. Иш-чарага аспирантура, PhD жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Н. Эргешбаева, Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Н. Сартбекова, Фундаменталдык жана колдонмо лингвистика кафедрасынын башчысы Г.Ибраимова, аспиранттар жана кафедра мүчөлөрү катышты.