КМУнун өкүлдөрү педагогикалык программаларды жаңылоо боюнча эл аралык иштерге катышууда
Британия Кеңеши Өзбекстандын Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министрлиги менен биргеликте Борбордук Азиядагы 27 педагогикалык университеттин адистери үчүн тренинг өткөрдү. Иш-чара 20–23-октябрь күндөрү Улуу Британиядагы Норвич тилдик билим берүү институтунун эксперттеринин катышуусунда болуп өттү.
Тренингдин жыйынтыгында ар бир өлкө мугалимдерди даярдоо программаларын иштеп чыгуу жана жаңылоо (PRESETT) боюнча адистерден турган команда түздү. Иш-чарага И. Арабаев атындагы КМУнун билим берүү программаларынын сапатын камсыздоо, лицензиялоо жана аккредитациялоо департаментинин башчысы Гульзада Дүйшөбаева жана Ш. Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун англис тилин окутуунун теориясы, практикасы жана технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Аида Ишенбаева катышты. Алар педагогикалык билим берүү багытындагы ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, окуу программаларын эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу иштерине катышууда.

