КМУнун окутуучулары дене тарбия боюнча нормативдерди тапшырды
Бүгүн, 1-ноябрда, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучулар дене тарбия боюнча нормативдик талаптарды тапшырууда. Иш-чара бекитилген графиктин негизинде өтүп, жаш курактык категориялар боюнча уюштурулган.
Нормативдерди тапшыруу бардык мугалимдер үчүн милдеттүү болуп саналат. Окутуучулар чыдамкайлыкка, ийкемдүүлүккө, күчкө жана жалпы физикалык даярдыгына байланыштуу тапшырмаларды аткарышууда.
Бул иш-чара университетте кызматкерлердин ден соолугун колдоо жана активдүү жашоо маданиятын өнүктүрүү максатын көздөйт.







