Blog Image

“КРда СПИД инфекциясын жуктургандардын эпидемиологиялык абалы” деген темада лекция өтүлдү

И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетинин студенттерине Республикалык  СПИДге каршы борбордун дарыгери Эльнура Чаткалбаева “СПИД инфекциясынын заманбап аспектилери”, “КРдеги СПИД инфекциясын жуктургандардын эпидемиологиялык абалы” деген темада конок-лекция өттү.

Иш-чарага педагогика факультетинин координатору Н.К.Сегизбаева, башкы адис М.Керимкулова ж.б. окутуучулар жана студенттер катышышты.

Белгилей кетсек, 1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү.

Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ- Иммунно жетишсиздикти пайда кылуу менен СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 млн.дон ашат.Азыр медицинада ВИЧ инфекциясынын үч жол менен жугаары белгилүү. Алар:кан аркылуу, жыныстык жол менен, энеден балага. Кыргызстанда акыркы жылдары жыныстык жол аркылуу инфекцияны жуктургандардын саны көбөйгөн. Алардын көпчүлүгү 20-39 жаш курагындагы жарандар. ВИЧ инфекциясын алып жүргөн адам менен бир бөлмөдө жашоо, бирдей идиш-аяк колдонуу, чогу бассейнге түшүү, саламдашуу, кучакташуу таптакыр коркунучтуу эмес.