Blog Image

Кыргызстандын туруктуу ѳнүгүүсүнүн контекстинде география, экология жана туризм боюнча учурдагы актуалдуу маселелери

2022-11-01

Бүгүн, 1-ноябрда КМУнун География, экология жана туризм факультетинде Илим күнүнѳ карата «Кыргызстандын туруктуу ѳнүгүүсүнүн контекстинде география, экология жана туризм боюнча учурдагы актуалдуу маселелери» деген аталыштагы илимий иш чара ѳткѳрүлдү.

Иш-чарада География жана аны окутуунун технологиялары кафедрасында доценттин м.а., философия доктору Жалилова Г.Н. «Жашыл экономика: Кыргызстанда күрүч ѳндүрүү» деген темада лекция окуду.

Мындан сырткары География, Экология жана жаратылышты пайдалануу, Туризм багыттары боюнча билим алган студенттер Кыргызстанда кардарларды тейлѳѳнүн кѳйгѳйлѳрү жана сапатын жакшыртуу, Сары-Челек биосфералык коругунун жаныбарлары, Бишкек шаарынын айлана-чѳйрѳсүнѳ автоунаанын тийгизген таасири ж.б. сыяктуу маселелер кызуу талкууланды.

Аталган илимий иш-ара студенттер арасында 2012-жылдан бери жыл сайын ѳткѳрүлүп келүүдѳ.