Blog Image

“Манас” орденинин ээси Э.Ж.Маанаев өзүнүн атынан балаты отургузду

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, “Манас” орденинин ээси, профессор Э.Ж.Маанаев университеттин башкы корпусунун алдына өзүнүн атынан балаты отургузду.

Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун профессорлор Сулайман Кайыпов, Олжобай Каратаев, Э.Ж.Маанаевдин аты берилген Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы Назира Курбанова, окутуучулары жана студенттери катышты.

Профессор Эгемберди Маанаев Кыргызстандагы атактуу тарыхчы, этнолог. Быйыл 90 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат. Ал өз кезегинде университетте окутуучу, кафедра башчысы, декан, проректор кызматтарында иштеген. Азыркы мезгилде И.Арабаев атындагы КМУнун ректорунун кеңешчиси катары эмгектенип келет. Илим жолунда этногенез, Кыргызстандын коомдук-саясий тарыхы, идеологиясы боюнча изилдөө жүргүзүп, 20 жакын монографиялардын, тарых боюнча окуу-усулдук китептердин автору. Өзү 8 илимдин докторун жана 10 илимдин кандидатын даярдаган.