Blog Image

"Математика-дүйнөнүн тили”

9-декабрда Физика-математикалык билим берʏʏ жана маалыматтык технологиялар факультетинин Математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын 3-курстун студенттери жана Бермет Көчөрбаева тарабынан даярдалган  “Математика-дүйнөнүн тили” аттуу математикалык кечеси болуп өттʏ.

Математикалык кечеге факультеттин деканынын орун басары доц.м.а. Уланбек Эсенгулов, Математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын доц.м.а. Кулийпа Асылбекова жана Физика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын кафедра башчысы, доц. Күлзат Токонбекова, профессордук-окутуучулар жамааты,  студенттер катышты. 

 Математика биздин жашоону курчап турат, анын тилинде дүйнө сүйлөйт. Жада калса сандар да тирүү жандар-деп айткандай алгач сандар  образдар менен кирип, сүйлөп беришти. 

 Кече  кызыктуу программанын коштоосунда уланды. Математика жөнүндө ырлар, сценка,  бийлер,  ар түрдүү оюндар ойнолду, жеӊүүчүлөргө  математикалык фигуралардан   белектер берилди.