Педагогика факультетинин студенттери кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыкташты
13-апрель күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин практика жетекчиси ага окутуучу Минера Каласалиеванын жетекчилиги алдында Пб-11-20, Пбк-12-20, Пбк-13-20, Пбк-15-20, Дрк-11-20, Др-11-20 студенттеринин кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өттү. Ага университеттин практика жетекчиси Нурпаис Баястанов, Педагогика факультетинин окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө группалар арасында мыкты сабак, мыкты көргөзмө курал, мыкты сценка боюнча сынак жарыяланды. Калыстар тобунун чечими менен 1-орунга - Дрк-11-20, Пбк-12-20; 2-орунга - Пб-11-20; 3-орунга - Пбк-15-20, Пбк-13-20 группалары ээ болушту.