Blog Image

Педагогдордун август конференциясында доцент Назгүл Абдраева мастер-класс өттү 

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Назгүл Абдраева жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Жанара Дөөталиева Педагогдордун август конференциясында өлкөнүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 91 тарбиячыларына "Кабарлоо аркылуу мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү Үй тибиндеги балдар бакчасын ачуу" темасында мастер-класс өтүштү.