Blog Image

Ректор Айгүл Абдраева АКШ элчилигинин өкүлдөрүн кабыл алды

 2022-12-09

 И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Кыргызстандагы АКШ элчисинин Маданият жана билим берүү боюнча кенешчиси Миранда Лупион жана Англис тилин окутуу боюнча башкы адиси Наталья Джуманалиеваны кабыл алды.

Жолугушууда өкүлдөр АКШ элчилигинин билим берүү программалары боюнча маалымат беришти. Ошондой эле, университет менен байланышты жандандыруу жана жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз болду.

Андан сырткары, элчиликтин өкүлдөрү окуу жайдын Чет тилдер институтунун жамааты менен таанышып, кызматташуу боюнча пикир алмашышты.