Blog Image

Университетте япон тилинде “Бэнрон тайкай” сынагы өттү

15-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде япон тилинде “Бэнрон тайкай”аталышындагы оратордук чеберчилик боюнча республикалык конкурс болуп өттү. 
Ага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргызстандагы Япониянын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидэки, Кыргыз Республикасынын япон тили мугалимдер Ассоциациясынын төрайымы Жийдегүл Мамашева, Кыргыз-Япон Адамдык Өнүгүү борборунун директору Ивай Ацуму, Бишкек ишкердүүлүк клубунун директору Сейтек Качкынбаев жана Кыргызстанда япон тилин окуткан мугалимдер, студенттер катышты. 
Сынакта катышуучулар япон тилинде монолог айтып, калыстар тобу тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. 
Иш-чаранын максаты – студенттердин жетишкендиктерин көрсөтүү жана республикадагы бул тармакта эмгектенген мектеп мугалимдеринин, окутуучулардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү.  
Биздин университетибиздин Японтаануу институту, Кыргыз-Япон адамдык өнүгүү борбору “Japan Style” жана башка өнөктөш компанияларынын атынан жеңүүчүлөргө эстелик белектер жана япон тили мугалимдер Ассоциациясынын атынан грамоталар тапшырылды.
“Бэнрон тайкай”аталышындагы чечендик өнөр боюнча таймашы өлкөдө жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул жылы университеттин Японтаануу институтунун окутуучулар курамы тарабынан уюштурулган.