Волейбол клубдун мүчөлөрүнө атайын форма тапшырылды
И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУНУН “БИЛИМ” КЛУБУ УЛУТТУК ЖАНА ЖОГОРКУ ЛИГАЛАР АРАСЫНДАГЫ ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШКЕ ДАЯР
1-декабрда ректор Айгүл Абдраева университеттин “Билим” волейбол клубу менен жолугушуп, клубдун мүчөлөрүнө профсоюз уюму менен биргеликте атайын формаларды тапшырып, аларга ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, “Билим” клубу 2-8-декабрда өтө турчу Кыргыз Республикасынын Улуттук жана жогорку лигалар арасындагы волейбол боюнча клубдар аралык оюнда университетибиздин намысын коргойт.
Аталган клубдун башкы машыктыруучу Жээнбек Абдыйсаев .