Японтаануу Институтунда тамак-аш лабораториясы ачылды
2022-09-20
Бүгүн, 20-сентябрда И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун коомдук тамак-аш азыктарынын технологиясы багытынын лабораториясынын ачылышы болуп өттү.
Иш чарага университеттин ректору Айгүл Абдраева, курам жетекчилери жана институттун япон өнөктөштөрү, финансылык көмөк көрсөткөн жеке ишкер Масуда мырза катышты.
Лаборатория аталган багытта окуп жаткан студенттерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Япон тамак-аштарын жасоону окутуу үчүн Япониядан атайын адис келген.
Университеттин ректораты менен япониялык өнөктөштөр бири-бирине ийгилик каалап, мындан аркы кызматташтыктын жемиштүү болушуна тилектеш экендиктерин билдиришти.