Blog Image

“Заманбап мугалимден талап кылынуучу жана мугалимге керектелүүчү (көндүмдөр)” - “Мугалимге чет тилдерди билүүнүн маанилүүлүгү” аталышында конференция болуп өттү

Бүгүн Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети “Заманбап мугалимден талап кылынуучу жана мугалимге керектелүүчү (көндүмдөр).” - “Мугалимге чет тилдерди билүүнүн маанилүүлүгү” аталышында конференциясынын ачылышында факультеттин деканы Жеңиш Бексултанов ачып сөз сүйлөп, болочоктогу кесип ээлерине жакшы каалоо тилектерин айтып ийгилик каалап өттү. 
Факультет тарабынан атайын чакырылган коноктор “Ыйык ата журт” коомдук жаштар фондунун директору Нурсултан Жанибек уулу жана “Чырак” коомдук фондунун директору Эрмек Темиров студенттерге  “Заманбап мугалимден талап кылынуучу жана мугалимге керектелүүчү (көндүмдөр)” тууралуу кеңири маалымат берип жаштарды окууга шыктандырышты. Мындан сырткары “Жаш мугалимдер мектебинин” координатору Гүлсара Мадаминова  “Мугалимге чет тилдерди билүүнүн маанилүүлүгү” аталыштагы окуу-тренинг өтүп, чет тилдерди кантип тез үйрөнү керектигин, туура максат коюу жөнүндө айтып берди. 
Болуп өткөн конференция китеп жарманкеси менен жыйынтыкталып, студенттерге жана жаштарга китептер көбүрөөк керектиги айтылды. 
Бул болуп өткөн тренингдин максаты – студенттерди окууга олуттуу көз карашта кароого чакыруу, билим-илимге шыктандыруу жана мугалимдик кесипти даңазалап, актуалдуулугун көрсөтүү.