Blog Image

Жаштар арасындагы экстремизм жана терроризмге каршы аракеттер

17-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык билимдер факультетинин теология кафедрасында “Кыргызстандагы диний кырдаал: тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдар жана материалдар” – деген темада семинар өттү.

Ага окуу жайдын Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Бейшенова Айсулу Тилековна, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын адиси полковник Манас Аманбаев жана университеттин 4 факультетинин профессордук-окутуучулар курамы, студенттер катышты.

Полковник Манас Аманбаев, студенттерге аталган темага байланыштуу кеңири маалымат берип, кызыктуу баяндама жасады.

Семинар жаштар арасындагы экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттердин алдын алууга багытталган. Анда катышуучуларга өлкөдө бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер, мамлекеттик саясат, ченемдик-укуктук актылар, глобалдык мүнөзгө ээ болгон терроризм жана диний экстремизм коркунучу тууралуу маалымат берилди.