Blog Image

“Жаштар жана илим: жаңы заманбап тенденциялар” аттуу эл аралык тегерек отурум өттү

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУ менен “Бобек” жалпы улуттук кыймылынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында “Жаштар жана илим: жаңы заманбап тенденциялар” аттуу эл аралык тегерек отурум өттү.
Иш-чарага Казакстандык “Бобек” жалпы улуттук кыймылы уюмунун жетекчисинин орун басары Ешім Елнұр Омарұлы, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы Назира Курбанова, факультеттин деканынын орун басары Темирбек уулу Идеат, окутуучулар курамы жана бир катар эксперттер катышты. 
Отурумга катышкан окумуштуулар, илим тармагындагы эксперттер, студенттерге заманбап илимий изилдөөлөр тууралуу кеңири маалымат берип, бул багыттагы артыкчылыктарга токтолду. 
Демилгелүү жаш окумуштууларды, адистерди жана студенттерди колдоого, шыктандырууга жана компетентүүлүктөрүн жогорулатууга багытталган бул эл аралык отурум КМШ өлкөлөрүндө жана анын ичинде Кыргызстанда 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Иш-чаранын соңунда университеттин бир катар окутуучулары, студенттери Казахстандык “Бобек” жалпы улуттук кыймылы уюмунун “КМШнын мыкты адиси 2023” төш белгиси, “КМШнын мыкты илимий кызматкери 2023” жана “КМШнын мыкты студенти 2023” дипломдору менен сыйланды.