Blog Image

ЖОЖдор аралык универсиадада окуу жайдын студенттери алтын медаль жеңип алышты

16-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун 4-курсунун студенттери университеттер аралык универсиаданын дзюдо боюнча мелдешинде 2 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль утушту.  Аскарбек Ишенбаев  73 кг салмакта, Анарбек Ишенбаев 100 кг салмакта алтын медалга ээ болушту. Ал эми Ратбек Жуманазаров 81 кг салмакта күмүш, Барсбек Исламов 60 кг салмакта коло медаль алышты.

Курама команданын машыктыруучусу, окутуучу Абдыкарим уулу Ноорузбай “Жаштык” дирекциясы тарабынан грамота, медаль, диплом менен сыйланды.      

Мелдеш Д. Омурзаков атындагы Спартак стадионунун  дзюдо залында өттү. Ага өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларынын студенттери катышты.