АБИТУРИЕНТТЕРГЕ

    Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2025-2026-окуу жылына абитуриенттерди төмөнкү шартта кабыл алууну жарыялайт:

1) ЖРТнын негизинде жалпы орто билими жөнүндө аттестатына ээ болгон абитуриенттер үчүн (мектеп бүтүрүүчүлөрү) документтер веб-порталда онлайн режиминде hps://2020.edu.gov.kg/vuz кабыл алынат;

2) Чет өлкөлүк жарандардын документтери hps://edugate.edu.gov.kg/ веб-порталда онлайн режиминде кабыл алынат;

3) Мамлекеттик орто кесиптик жана жогорку кесиптик билими жөнүндө диплому бар абитуриенттер (колледждердин жана ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү), ошондой эле ЖРТ жыйынтыгына көз каранды болбогон (музыка, искусство, дизайн, дене тарбия) адистиктерине тапшырууну каалагандардын (бакалавр жана магистратура) документтери 3-июлдан 23-августка (магистратура 30-сентябрга) чейин кабыл алынат.

   Каттоодон өтүү үчүн төмөнкү документтер керек:

1. Дипломдун же күбөлүктүн түп нускасы тиркемеси менен, дипломдун   (сертификаттын) көчүрмөсүнүн эки нускасы;

2. Паспорт (өздүгүн тастыктаган документ) – көчүрмөсү (2 нуска);

3. ЖРТнын сертификаты (ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттер үчүн)

4. Арыз ээсинин сүрөтү 3х4 өлчөмүндө (6 даана);

5. Иш кагаздары үчүн 480 сом төлөм чегерилген.

    Кабыл алуу комиссиясынын дареги: Бишкек ш., Раззаков көч., 51А,

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети №2 окуу имараты

   Толук маалымат алуу үчүн кабыл алуу комиссиясынын байланыш телефондору: +996 558307979; +996 707995200; +996 505855526

 

    Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тууралуу толук маалыматтарды төмөнкү сайттардан биле аласыздар:

1. www.arabaevksu.edu.kg

2. https://2020.edu.gov.kg/reports?id_university=16 - ЖРТ базасында

3. https://edugate.edu.gov.kg/plan/16 - Чет мамлекеттердин жарандары үчүн