Физика-математика факультети

Адрес: 720026 Раззаков көч., 51
Телефон,Факс:

Физика-математика факультети алгач 1952-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун курамында физика-математика бөлүмү болуп түзүлгөн. Физика-математика бөлүмүндө математика, физика, физика жана өндүрүштүн негиздери боюнча адистиги боюнча мугалимдер даярдалып, республикабыздын бардык мектептерине ишке жөнөтүлөт. Физика-математика бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасына институт тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, физика жана эсептөө математикасы боюнча лаборатория жана кабинеттер уюштурулган.

Физика-математика бөлүмү уюшулган күндөн баштап кадрлардын илимий-методикалык иштерине өзгөчө көңүл бурулган. Көпчүлүк окутуучулар физика-математика бөлүмүндө иштөө менен катар, кандидаттык, доктордук диссертацияларын коргогон.