Департамент КМУнун билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү иштерин уюштуруу жана маалымат-усулдук жактан коштоо милдетин аткарат. Департамент Окуу башкармалыгы, Илим жана инновациялар башкармалыгы жана башка түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте билим берүү программаларынын сапатын камсыздоо жана баалоонун комплекстүү системасын координациялайт, сапат маданиятын өнүктүрүү, ички сапатты камсыздоо механизмдерин ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүүнүн процедуралары жана каражаттарын түзүү жана колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, билим берүү программаларынын сапатын жогорулатуу боюнча пландарды жана сунуштарды даярдоо иштерин жүргүзөт.

Негизги максаты — И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин билим берүү программаларынын сапатын камсыздоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана эл аралык талаптарга жооп берген эффективдүү сапатты камсыздоо ички системаны түзүүгө жана ишке ашырууга көмөктөшүү.

Бул максатка жетүү үчүн департамент төмөнкү багыттарда иш алып барат:

— билим берүү программаларын аккредитациялоо, лицензиялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү процесстерин уюштуруу жана методикалык жактан камсыздоо;
— билим берүү сапатын баалоонун жана камсыздоонун комплекстүү системасын өнүктүрүү жана координациялоо;
— сапат маданиятын калыптандыруу жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
— ички сапатты камсыздоо механизмдерин киргизүү жана өркүндөтүү;
— мониторинг жана баалоо каражаттарын, усулдарын иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча сунуштарды даярдоо;
— сапатты жогорулатууга багытталган пландарды иштеп чыгуу жана ишке ашырууну көзөмөлдөө.