1. 2018-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети КМШга мүчө-мамлекеттердин педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча базалык уюмунун Коомдук кеңешинин мүчөсү болду. МПМУ (Москва педагогикалык мамлекеттик университети) – КМШга мүчө мамлекеттердин педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча негизги уюму.

2. И.Арабаев атындагы КМУ 2018-жылдын 20-сентябрында Азия университеттеринин ассоциациясына (АУА) кошулган.

3. 2018-жылдын 23-октябрында И.Арабаев атындагы КМУ Кыргыз Республикасынын жана Борбордук Азиянын университеттеринин ичинен биринчи болуп ProSPERN.Net – Тынч океан-Азия чөлкөмүндөгү алдыңкы университеттердин альянсына мүчө болду. Бул Альянс Аспиранттык билим алуудагы жана изилдөө тармагында туруктуу өнүгүүнүн глобалдык көйгөйлөрүн эң жакшы чече ала турган жаңы муундагы лидерлерди иштеп чыгат жана туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшөт.

4. 2016-жылы И.Арабаев атындагы КМУ Борбордук Азия университеттеринин ассоциациясына (БАУА) мүчө болду.

5. 2016-жылы И.Арабаев атындагы КМУ Педагогикалык университеттердин Евразиялык ассоциациясына (ПУЕА) кирди.

6. 2015-жылы И.Арабаев атындагы КМУ Жибек Жолу Университеттик Альянсынын мүчөсү – The University Alliance of the Silk Road (UASR) - Сиань Декларациясы - 2015. Бул Альянс 38 өлкөдөн 151 университетти камтыйт.

7. 2014-жылы И.Арабаев атындагы КМУ БелМУ (Белгород мамлекеттик улуттук илимий-изилдөө университети) менен «Педагогика» жана «Аймак таануу» багыттары боюнча ШКУУга (Шанхай кызматташтык уюмунун университети) тапшырат.

8. 2013-жылы И.Арабаев атындагы КМУ Армения, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Тажикстан, Тайланд жана Малайзиянын 76 университетин камтыган Азия университеттеринин ассоциациясына – АУАга (Барнаул, РФ) кирди.

9. 2011-жылы Казакстанда (Астана) Тараз декларациясына кол коюлду: Евразия мейкиндигинин жогорку окуу жайларынын меморандуму. Меморандумдун негизги идеясы – бүткүл ЖОЖдордун коомчулугун бириктирүү, академиялык эркиндиктин, мобилдүүлүктүн, билим берүүнүн жана изилдөөнүн биримдигинин, эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялоонун жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун принциптерин практикалык ишке ашыруу. Учурда бул Меморандумга Казакстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын жана Азербайжандын 72 жогорку окуу жайлары кол коюшту.

10. 2011-жылы Италияда (Болонья шаары) Болон Декларациясынын негизи болуп саналган Университеттердин Европалык Улуу Хартиясына кол коюлган. И.Арабаев атындагы КМУ Болон процессинин катышуучусу болуп, анын мааниси И.Арабаев атындагы КМУнун дипломдорунун эл аралык мейкиндикте таанылышы болуп саналат.