И.Арабаев атындагы КМУнун окумуштууларынын илимий иштери

Илимий-изилдөө иштери республиканын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн артыкчылыктуу багыттарына ылайык жүргүзүлүп жатат.

Жогорку окуу жайдын окумуштууларынын илимий-изилдөө иштеринин пландарында Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларынын негизинде ишке ашырылган темалар олуттуу орунду ээлейт.

И.Арабаев атындагы КМУнун илимпоздорунун илимий сынактарга катышуусу боюнча иштер кыйла жанданды. 2018-2022-жылдар аралыгында И.Арабаев атындагы КМУнун окумуштуулары КР Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу приоритеттүү багыттар боюнча 28 илимий долбоорду бүтүрүп, каржылоонун жалпы суммасы 19513,9 миң сомду түзгөн.

2022-жылы эле И.Арабаев атындагы КМУнун окумуштуулары ойлоп табууларга жана окуу материалдарына 13 патент жана автордук күбөлүк алышкан.

И.Арабаев атындагы КМУнун профессордук-окутуучулук курамы 2022-жылы 185 эл аралык илимий-практикалык конференцияларга, форумдарга катышып, жыл ичинде университетте 38 эл аралык илимий иш-чаралар өткөрүлдү.

2022-жылга Scopus жана Web of Science тарабынан индекстелген илимий мезгилдүү басылмаларда 11 илимий макала, РИНЦде И.Арабаев атындагы КМУнун профессордук-окутуучулар жамааты тарабынан 590дон ашык илимий макалалар жарыяланган.

Жыл сайын ноябрь айында университетте илим күнүнө арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, мыкты эмгектер “И.Арабаев атындагы КМУнун жарчысы” илимий журналына жарыяланып турат.

Студенттердин жана магистранттардын илимдин түрдүү багыттары боюнча илимий-изилдөө иштери жигердүү жүргүзүлүп, алардын көпчүлүгү республикалык бюджеттен жана эл аралык уюмдардан каржыланган илимий долбоорлор боюнча биргелешкен иштерге тартылган. Студенттер жыл сайын аймактык студенттик олимпиадаларга, түрдүү көргөзмөлөргө, сынактарга, эл аралык конференцияларга жана симпозиумдарга катышат. 2022-жылы университеттин имаратында креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, ишкердикти колдоого жана жаштар арасында стартаптарды түзүүгө багытталган Start-up борбору ачылган.