Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Стартап борбору 2022-жылдын май айында түзүлүп,  бүгүнкү күнгө чейин студенттер арасында ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана стартап идеяларын ишке ашыруу багытында жигердүү иш алып барууда. 

Стартап борборунун ишмердүүлүгү креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, ишкердикти колдоого жана студенттер арасында стартап идеяларды ишке ашырууга багытталган. Стартап борбору - бул таланттуу студенттер өз идеяларын менторлордун жана насаатчылардын жардамы менен реалдуу долбоорлорго айландыра турган аянтча. Менторлор катары бизнес жана стартап чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ал эми насаатчылар катары Стартап Борбору менен түзүмдөрдөн стартап боюнча дайындалган жооптуулар иш алып барышат.

 Стартап борборунун негизги максаты – студенттерди жаңы технологияларды өздөштүрүүсүн өнүктүрүп, андан соң экономикалык пайда алуу менен долбоордук идеяларын ишке ашырууга окутуу.

 Алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн Стартап борборуна университеттин ар бир түзүмүнөн жооптуу өкүлдөр бекитилип, алар студенттер менен биргеликте иш алып барышууда.

Бүгүнкү күндө биздин студенттер:

Биринчиден, онлайн анкетаны толтуруу менен Стартап борборуна мүчө боло алат. Шилтемеге борбордун Instagram баракчасы -@startup.arabaev аркылуу кирүүгө болот.

Эмне үчүн студенттер анкетаны толтуруусу керек? Толтурулган анкетанын негизинде студенттердин маалымат базасы түзүлөт. Базадагы студенттер Стартап борбору уюштурган бардык иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк алат, мисалы: тренингдер, тимбилдингдер, сынактар, воркшоптор ж. б. у. с.

Экинчиден, долбоордук идеялар үчүн онлайн арыз толтурууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Шилтемеге борбордун Instagram баракчасы (@startup.arabaev) аркылуу кирүүгө болот.

Толтурулган онлайн арыз эмне үчүн керек? Жиберилген онлайн арыз насаатчылар тарабынан каралып чыгат, оңдоо түзөөлөр жана толуктоолор киргизилген соң долбоор менторлордун талкулоосуна сунушталат.  Толтурулган онлайн арыз аркылуу студенттер өз идеясын ачып берүүгө, насаатчылардын жардамы менен, менторлордун толуктоолорун алып, долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышат. Андан ары даяр долбоорлорго каржылоо тартуунун ар кандай механизмдери аркылуу ишке ашыруу үчүн сунушталат. 

Стартап борбору өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында Enactus Кыргызстан менен кызматташууда. Бүгүнкү күндө студенттерибиз «И.Арабаев атындагы КМУнун Enactus» командасына кошулуп, «Enactus Kyrgyzstan» чыгармачыл жаштар командасынын мүчөсү боло алышат. Азыркы учурда биздин команданын курамында бардык түзүмдөрдүн студенттеринен куралган 20 активдүү лидерлер иш алып барышууда, алар университеттин жана “Enactus Кыргызстан” уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Өнөр Union” долбоорунун үстүндө бирге иштешүүдө.

Enactus – бул эл аралык коммерциялык эмес уюм болуп саналат, студенттерди ишкердик аркылуу дүйнөнү жакшыртууга шыктандырган уюм. Enactus дүйнөнүн 37 өлкөсүнүн университеттеринде активдүү өнүгүп жатат.

Стартап деген эмне? Бул инновациялык бизнес же мурун жок болгон продукт, эң негизги өзгөчөлүгү - буга чейин  иштеп жаткан долбоорлордун көчүрмөсү эмес, жаңы, оригиналдуу идея болушу керек. Стартап менен бизнестин айырмасы кандай? Бизнес туруктуу негиздерди кайталоо менен курулат (дүкөн, кафе же терезе орнотуу боюнча кызмат ж.б). Ал эми стартап таптакыр жаңы форматтагы товар же кызмат болушу менен бизнестен айырмаланат. Стартапер деген ким? Жаңы идеяларды ойлоп таап, аларды өнүктүрүү үчүн иштегендер стартаперлер. Негизинен, ар кандай курактагы адамдар стартапер боло алышат.